7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия шаардыктардан таштандыны кечинде чыгарууну өтүнөт

473

Бишкек шаарынын тургундары таштандыны кечки саат жетиден түнкү саат он экиге чейин чыгаруусу керек. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлайт.

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таштанды челектерин саат 24:00дөн баштап таңкы 06:00гө чейин тазалап кетет.

«Эртең менен балдарды окууга же бала бакчага же өзүңөр жумушка кетип атканда таштап кетип жатасыздар. Ошол үчүн күндүз кечке таштанды челектер толуп турат. Күндүз жол тыгындардын кесепетинен таштанды чогултуп кетиш абдан оорчулукту жаратат. Шаардын баардык жагынан күндүз кайрадан таштанды чогултуш мүмкүн да эмес», — деп белгилешет мэрия.

474