7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Кубан Абдымен: Кыргыз тилине Кыргызстанда макам берүү – балык сууда сүзсүн дегендейге окшош

187

2024-жылдын 22-августунан 28ине чейинки окуялар тууралуу журналист жана саясат таануучу Кубан Абдымен менен маек.

– Бүткүл дүйнө мамлекеттеринин жетекчилери чогулган Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын сессиясына кыргыз президентинин барып, сөз сүйлөгөнү абдан туура. Садыр Жапаров – Кыргызстан көптөн бери айтып, бирок колдоо таба албай жүргөн маселени көтөрдү: Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу жана эки жыл сайын улам алмашып турган 10 туруктуу эмес мүчөсү бар, Кыргызстан ошол 10 туруктуу эмес мүчөсүнүн бири болууну каалайт. Бул маселени мурда тышкы иштер министрлери көтөрүп келген, азыр болсо президент өзү айтып жатат, ошондуктан эми натыйжа чыгат деген үмүт бар.

– Биринчи президент Аскар Акаевге «экс-президент» деген макамды кайтаруунун эч кандай деле зарылдыгы жок, анын өзүнө деле андай макамдын кереги жок сыяктуу. Акыркы 15 жылда ал Кыргызстандын маселелерине эч бир күйбөй, Россиянын маселелери менен алектенип келет. Андан тышкары, 15 жылдык президенттиги учурунда дагы Акаев, чындап келгенде, мамлекеттик башкарууну колунан чыгарып, үй-бүлө менен жанындагы башкаларга берип салган жана ошол себептен көптөгөн мыйзамсыз приватташтыруу болуп кеткен.

– Кыргыз тилине мамлекеттик макам берүү, чындап келгенде, балык сууда сүзсүн же адамдар аба менен дем алсын дегендей мыйзам кабыл алган сыяктуу. Андан башка кайсы тил Кыргызстанда мамлекеттик тил болмок эле? Бирок советтик мезгилде ушундай акылга сыйбаган абал түзүлгөн жана Кыргызстан ошол 1989-жылдагыдай мыйзам кабыл алууга аргасыз болгон. Азыр болсо биз, кыргыздар, өзүбүз кыргыз тилин толук ченемде колдонбостон, балдар-неберелерибиз үчүн кыргызча эмес, башка тилде сүйлөгөнгө өзүбүз шарт түзүп берип коюудабыз…

Жуманын негизги окуялары:

– 24-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын 79-сессиясында чыгып сүйлөп, адамзат согушка эмес, билим берүү менен медицинага инвестиция кылыш керек деп билдирди.

– Анын алдында, 22-сентябрда, ошол эле Бириккен улуттар сессиянын алкагында кыргыз президенти «Келечек саммити» деген форумга катышып, сөз сүйлөдү.

– Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын 79-сессиясында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Джон менен Босс Нью-Йоркто жолукту.

– 27-сентябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо омбудсмен Жаманбаева Маданият министрлигине кайрылып, жалаа жабуу тууралуу мыйзам долбоорун кайра карап чыгууну сунуштады, депутат Исхак Масалиев болсо мыйзам долбоорун такыр эле артка чакыртып алуу керектигин айтты.

– Президент Садыр Жапаров бүгүн «Кабар» агенттигине интервью берип, мыйзам долбоорун артка чакыруунун кереги жок, бирок айып өлчөмүн азайтса болот деп билдирди. Калп маалымат тараткандар көбөйүп кетти деп, президент «Азаттыкты» мисалга келтирди.

– Бишкекте 26-сентябрда өткөн экономикалык конференцияда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров чыгып сүйлөп, экономикада Кыргызстан «илбирс секиригин» жасады деп билдирди.

– Жекшемби күнү Сузак чөлкөмүндө өткөн шайлоодо 10 миң добуш менен Алтынбек Кылычбаев жеңди деп табылды, Жогорку Кеңештеги орун – июлда Тазабек Икрамов мандатын тапшыргандан кийин бошогон.

 

– 25-сентябрда Жогорку кеңеш мурдагы президент Аскар Акаевге «экс-президент» деген макамды кайтарып берүүдөн баш тартты. Андай макамдан Акаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрет менен ажыраган.

– Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда «Кабар» агенттигине интервью берип, Акаев тууралуу ЖКнын чечимин колдоду жана Апас Жумагулов жөнүндө дагы айтты, андан бир апта мурда, 19-сентябрда, «Ынтымак ордодо» Апас Жумагуловдун сүрөтү ачылган.

– 26-сентябрда «Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму министрлер кабинетин сотко берип, чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам даярдоо менен ал ыйгарым укуктар чегинен чыгып кеткен деп өкмөттү күнөөлөдү.

– Жекшемби күнү Кочкордо Геннадий Базаровго эстелик тургузулду жана «Чолпон» кинотеатрына Базаровдун ысмы берилди. Салтанатка атактуу өзбек режиссёру Али Хамраев Италиядан келип катышты.

– Бишкекте жеке менчик колго өтүп кеткен «Тунгуч» театрынын имараты мамлекетке кайтарылды. Мурда бул имаратта Улуттук филармония жайгашкан.

– Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев 24-сентябрда кармалып, Биринчи май сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.

 

– Дүйшөмбү күнү Кыргызстан Мамлекеттик тил күнү жөнүндө кабыл алынган мыйзамдын 35 жылдыгын белгиледи.

– Экономика министрлиги тамеки баасын көтөрүүнү сунуш кылды – сигареттин бир кутусу 10 сомго, электрондук сигареттердин баасы 100 сомго көтөрүлүшү мүмкүн.

– 27-сентябрда Садыр Жапаров Бишкекте Жапониядан келген ишкерлер тобу менен жолукту.

– Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Жапониянын «Жайка» агенттигинин вице-президенти Сачико Имотону 26-сентябрда кабыл алып, Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады.

– 25-сентябрда УКМК билдиргенге караганда, Эркин Мамбеталиевдин баасы 490 млн сомго жеткен мүлкү мамлекетке кайтарылды.

– 25-сентябрда Жогорку кеңештин мурдагы депутаты, «Эмаком» курулуш компаниясынын баш директору Эмилбек Жусупов УКМК тарабынан кармалды.

– Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп 24-сентябрда Жээналы Орозбаев дайындалды, ага чейин кызматты жетектеген Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болду.

 

– Жалаа жабуу тууралуу мыйзам долбоору боюнча 27-сентябрда тегерек стол болуп өттү.

– Жеке менчик колго өтүп кеткен Чүй облусундагы «Эдельвейс» аттуу балдар эс алуучу борборун УКМК мамлекетке кайтарды. Анын баасы 320 миллион сомдон ашат деп айтылууда.

– «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рустам Жокоев кармалып, 27 октябрга чейин камакка алынды, аны менен кошо ишкананын дагы бир нече кызматкери кармалды.

– Алмаз Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычевге каршы Аламүдүн райондук соту быйыл июнда чыгарган өкүмдү Чүй облустук соту 25-сентябрда бекитти. Ал 10 жылга эркинен ажыратылган.

– 26-сентябрда 75 жашында «легендарлуу» парламенттин депутаты Бегиш Ааматов кайтыш болду.

188