7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мессинин көз жашы аарчылган жүзаарчы аукционго коюлду. Баштапкы баасы 10 млн доллар

1833

Лионель Месси «Барселона» клубунан кетип жатып көз жашын сүрткөн жүз аарчы колдоочулары тарабынан кызуу талкуу жаратып, натыйжада аукционго коюлду. Анын баштапкы баасы  1 млн Аргентина песосу же  10 млн 298 АКШ долларына бааланган. Бул тууралуу кечээ, жума күнү жузаарчы аукционго коюлганда маалым болду.

«Барселона» 5 -августта Мессинин кетишин жарыялады. Команда Испания чемпионатынын финансылык эрежелерине байланыштуу Месси менен жаңы келишим түзө албаганын билдирген.

Месси 8 -августта  маалымат жыйын өткөрүп, командадан кетип жатканын айтып, көзүнө жаш алган. Ал клубда калуу үчүн колунан келгендин баарын жасаганын, жакынкы арада кайтып келем деген ниети бар экендигин да айткан. Трибунада туруп ыйлап, көзүнүн жашын сүрткөң учуру млндогон күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун алып, талкууга жем таштаган.

Лионель Месси  «Барселона» клубуна 2000-жылы келип, 2003-жылдан бери оюн талаасында. Бул аралыкта Испаниянын 10 жолку чемпиондугу , 7 ирет Испаниянын кубогу жана жарым кубогу, 4-ирет чемпиондор лигасы, 3 ирет Европанын супер кубогунун жеңиши камсыздалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1834