7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция: «Баткенде асынган абалда табылган жарандын колу-буту байланган эмес»

931

«Баткендеги тургун айылдын четиндеги сарайдан колу-буту байланып, асынган абалда табылды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткенде жаран кошунасынын короосунда асынып алган абалда табылган. Алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, маркум эч ким жашабаган коңшусунун короосунда асынып алганы белгилүү болгон.

«Интернет булактарында «Баткендеги тургун айылдын четиндеги сарайдан колу-буту байланып, асынган абалда табылды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Маркумдун бир туугандары жансыз денени ички изилдөөдөн баш тартышып, окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришип, тил кат менен кайрылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

932