7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция: Сүннөткө отургузулгандан кийин каза болгон 7 жаштагы баланын ата-энесинин эч кимге доосу жок

1038

Сүннөткө отургузулгандан кийин каза болгон 7 жаштагы баланын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган эмес. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Бул факты боюнча каза болгон баланын ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазышкан эмес»,- деп айтылат маалыматта. 

Бишкекте 7 жаштагы бала сүннөткө отургузгандан кийин көз жумган. Анын №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө «Платтер синдрому, катуу жарааттан кан кетүү» диагнозу менен жеткирилип, эсине келбей каза болгону маалым болгон. Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, бала кан жоготуудан эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан каза болгонун, кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришкен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1039