7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милициянын ардагерлери Баткенге 86миң акчалай колдоо көрсөттү

413

Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлери Баткендеги чек ара жаңжалында өрттөлгөн милициянын аймактык пунктуна 86 миң сом акчалай колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акчалай каражат Жалал-Абад областынын аймагында жашаган ИИОнун ардагерлери тарабынан Баткенге колдоо көрсөтүү максатында чогултулган. Топтолгон каражатты Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков, Сузак РИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Сүйөркул Бакиров, жана ИИОнун ардагери милициянын отставкадагы подполковниги Аззам Ниязбаевдер тапшырышты.

Бул пункт Максат айылында жайгашып, Лейлек РИИБдин Кулунду аймактык милиция бөлүмчөсүнө карайт.

Белгилей кетсек, Максат айылындагы милициянын аймактык пункту чек ара чырында талкаланып, учурда өздүк курам тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

414