7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Миллиондор. Ноокатта айыл өкмөттүн өкүлдөрү кызмат абалдарынан пайдаланышкан

206

Ноокатта айыл өкмөттүн өкүлдөрү кызмат абалдарынан пайдаланышкан. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин жооптуу адамдары курулуш материалдарын сатып алуу үчүн “Б.С.” ЖЧКсы менен 1 миллион сомго жакын суммага келишим түзүп, андан кийин келишимдин шарттарын бузуу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүшкөн жана аталган акча каражаттарын ЖЧКнын эсептик эсебине материалдарды иш жүзүндө албай туруп которушкандыгы аныкталды.


«Бул факт боюнча ЭККМКнын Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда, айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууга, ошондой эле мамлекеттин бюджетине келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

207