7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Мектептер жана мугалимдер 12 жылдык билим берүүгө даяр

419

Өлкөнүн билим берүү тармагы 2025-2026-окуу жылына даяр. Жаңы окуу жылында өлкө аймагында 57 жаңы мектеп, 20 бала бакча ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдургүл Кендирбева бүгүн “Биринчи радиого” билдирди.

“Даярдык иштери бир нече этапты камтыды.Анан калса быйыл өзгөчө оор жыл. Анткени 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатабыз. Буга байланыштуу республика боюнча мугалимдер атайын окуулардан өткөрүлдү. Мугалимдер 12 жылдык билим берүүгө даяр. Ошону менен бирге инфраструктура жаңыртылууда. Тагырагы, быйыл окуу жылына аймактарда жаңы 50 мектеп, 20 бала бакча ишке берилет. Мектептерди китеп менен камсыз кылуу да  өзөктүү маселе. Жаңы программага ылайык, 1-2 жана 5-7-класстын китептери жаңы стандарттарга  ылайыкташтырып, пробациядан өттү. Азыркы мезгилде  бул китептер “Учкун” ачык акционердик коому тарабынан басылып чыгарылуу  этабында турат. Дагы бир маанилүү жагдай — санариптештирүүнүн алкагында электрондук журналдар аркылуу баланын жетишкендиктерин  ата-энелер толугу менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот”, — деди министр Догдургүл Кендирбева.

Кыргызстанда мектептер быйылкы окуу жылынан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө.

 

 

420