7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинети: “Күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат”

432

Министрлер кабинети социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу аркылуу улуттар аралык кагылышууну жана баш аламандыктарды тутандыруу аракеттерин чечкиндүү айыптайт.

Ошондой эле эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтарды жокко чыгарат.

Укук коргоо органдары орун алган мыйзам бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Бардык күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбейт жана элибиз эзелтен белгилүү болгон достуктун жана меймандостуктун деминде жашай берет.

Кыргыз Республикасынын бийлиги коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көрдү. Биздин укук коргоо органдары коомдук тартипти бузуу аракеттерин көздөгөндөрдү чечкиндүү түрдө токтотот.

433