7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү дайындалды

613

Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Министрлер Кабинетинин министрликтеринин жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктарга ылайык:

—  Амангелдиев Данияр Жолдошевич экономика жана коммерция министри болуп дайындалды;

Бакетаев Алмаз Кушбекович финансы министри болуп дайындалды;

Казакбаев Руслан Айтбаевич тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

—  Баетов Аяз Батыркулович юстиция министри болуп дайындалды;

Осоев Эркинбек Арстанбекович транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович айыл чарба министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Бекмурзаев Доскул  Жумагулович энергетика министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Кутманова Динара Асиевна жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттык сактоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Купешов Болотбек Дүшекович билим берүү жана илим министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Жаманкулов Азамат Капарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;

— Базарбаев Кудайберген Базарбаевич эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич коргоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Ниязбеков Улан Омоканович ички иштер министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Ажикеев Бообек Эргешевич өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614