7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик окуучулар көлчүктү тазалаган окуя боюнча түшүндүрмө берди

584

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, Ысык-Ата районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы Ивановка №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы боюнча интернет тармактарына тарап жаткан видео тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Маалыматка караганда, Ивановка №1 мектеп-гимназиясында катуу жамгыр жааган сайын жамгырдын суусу атайын суу чыгып кетүүчү арыкчалардын жоктугуна байланыштуу мектеп короосунда топтолуп калат.

«Мектептин алды 1982-жылы бетон блоктор менен төшөлгөн, суу чыгып кетүүчү арыкчалар жасалган эмес. Азыркы учурда бул жер оңдоп-түзөөгө муктаж. Эки жыл мурун айыл өкмөтүнө мектептин алдына таманташ (брусчатка) төшөө боюнча долбоор жазылып, бирок долбоор өткөн эмес. 2023-жылдын 22-майында катуу жааган жамгырдан кийин суу мектептин алдында топтолуп, балдардын мектепке кирүүсүнө тоскоолдук туудурган. Балдар мектепке кире албай сууну кечип өтүүгө аргасыз болушкан. Мектепте бир короо шыпыруучу (дворник), чарба иштери боюнча директордун орун басары жана бир техничка иштейт. Алар короодогу сууну ташып баштаган. Бирок эки, үч адамдын сууну тез арада ташып жетишүүсү мүмкүн эмес эле. Мектептин тарбия иштери боюнча орун басарлары А.Ж.Жусупова жана Н.А.Майбилекова 10-класстын окуучуларынан сууну ташууга жардам берүүлөрүн суранышканда балдар өз ыктыярлары менен макул болушкан. Окуучулар бул көрүнүштү байкап, өз жардамдарын сунуштагылары келгенин да билдиришкен. Анткени бул балдардын көпчүлүгү мектеп парламентинин мүчөлөрү, алар дайыма мектептин иштерине жардам берип келишкен»- деп берилет билдирүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585