7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрликтердин жоболору жана башкаруу схемалары бекитилди

714

Бир катар министрликтердин Жоболору жана башкаруу схемалары бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө Жобо жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө Жобо жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө Жобо жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы;

Буга катар Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүнүн айрым бөлүнүштөрүнүн жана мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы №38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715