7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Екатеринбургга жумуш сапары менен барды

187

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Екатеринбург шаарына келди.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Иннопром эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат. Ошондой эле көргөзмөнүн пленардык жыйынында сөз сүйлөп, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана заманбап технологияларды өнүктүрүү маселелерине токтолот.

«Иннопром» эл аралык көргөзмөсү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өнөр жай ишканаларын, мамлекеттик органдарды жана инвесторлорду бириктирген ири аянтча болуп саналат. Анда металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик чечимдер, машина куруу жана өнөр жайды автоматташтыруу багытындагы алдыңкы жетишкендиктер сунушталат.

Иш сапардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлөрү күтүлүүдө.

188