7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мирлан Бакиров: Өз ыктыярым менен төраганын орун басары кызматын өткөрүп берүүнү чечтим

138

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирүү жасап, кызматын тапшырып бергенин жар салды.

«3 жыл ичинде иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсом кечирим сурайм. Мен өз ыктыярым менен төраганын орун басары кызматын өткөрүп берүүнү чечтим. Болгон билимимди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп иштей берүүгө аракет кылам» , -деди Бакиров.

Биринчи вице-спикер Аида Касымалиева: «Парламенттин аз эле убактысы калды, мөөнөтү бүткөнгө чейин иштесеңиз болмок. Бирок биз сиздин чечимиңизди сыйлайбыз», — деген оюн билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына Уланбек Исмаиловдун талапкерлиги каралууда. Ал 2020-жылдын 29-августа «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болуп келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

139