Москва шаарында Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун аймагында жайгашкан «Кыргызстан» павильонунун расмий ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.
“Бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасынын жана кыргыз элинин маданий чөйрөсүндөгү маанилүү окуялардын бири. “Кыргызстан” павильонунан Москванын жашоочулары жана борбор калаанын коноктору азыркы Кыргызстандын каада-салттары, жетишкендиктери, ийгиликтери жөнүндө билип, ошондой эле улуттук маданиятыбыздын жана өзгөчөлүгүбүздүн ичине сүңгүп кире алышат. Кыргызстан жана Россия Федерациясынын башчыларынын демилгеси, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн жана элдердин тарыхый достук мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусунун аркасында “Кыргызстан” павильону өзүнүн архитектуралык көрүнүшү жана бай мазмуну менен кубандырып турмакчы”, — деди Туманбаев.
Ал Россия Федерациясынын жана Москва шаарынын жетекчилигине кыргыз тарапка улуттук павильонду калыбына келтирүүгө катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, “Кыргызстан” павильонун капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы 2023-жылы Президенттин Иш башкармалыгына жүктөлүп, аны толтуруу, инженердик-ресурстук кошууларды жүргүзүү боюнча иштер жасалган.
Павильондо экспортко багытталган продукциялар көрсөтүлөт. Ошондой эле ал жакка баргандарга Кыргыз Республикасы, анын тарыхы, маданияты жана жаратылышы жөнүндө маалымат берилет.