7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада кыргызстандык таксистти сабап, унаасын өрттөп кетишти

3463

Москвада жүргүнчүлөр кыргызстандык таксистти сабап, унаасын өрттөп кетишти. Бул тууралуу орусиянын “Комсомольская правда” басмаканасы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы кыргызстандык таксист түндө Староволынский көчөсүндө токтоп турган учурда, анын унаасына кавказ улутуна түспөлдөш мас абалындагы эки жаран келип отурган. Алар ВДНХга жеткирүүнү суранышкан.

“Мерчемделген жерге жетейин деп калганыбызда, алар спирт ичимдигин алуу үчүн маршрутту өзгөртүп, дүкөнгө алып баруумду өтүнүштү. Алар ал жактан пиво жана виски ичимдиктерин алып, кайра унаага отурушту. Андан соң “Москва-Сити” бизнес борборуна жеткир дешти. Жолдо катар унаанын ичинде ичимдик ичип жатышкан. Жарым жолго жеткенде кайрадан бара турган даректи өзгөртүп, Рязанский проспектисинде иштеген таанышына айдатышты. Ал жактагы дарыкананын жабык экенин көргөн жүргүнчүлөр урушуп, аягында мушташып кете жаздашты”, — дейт айдоочу.

Так дарек көрсөтүлбөгөн соң айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда пикир келишпестик болгон. Алар аны каршы тилкеге ​​чыгып айдоосун талап кылышкан, бирок айдоочу баш тартканда, ага каршылык көрсөтүп башташкан. Андан кийин жүргүнчүлөрдүн бири айдоочуну рулдагы ордунан бошотуп, саатына 160-180 чакырым ылдамдыкта айдаган. Таксист рулду кое берүүнү берүүнү суранганда, алар аны муунтуп, бетке ургулашкан.

Натыйжада айдоочу түшүп калууга үлгүргөн, ал эми жүргүнчүлөр унааны белгисиз тарапка айдап кетишкен. Жабырлануучу милиция кызматкерлерине чалып, унаа GPS менен кулпуланган. Бирок алар унааны тапкан учурда, жүргүнчүлөр унааны өрттөп, качып кетишкен. Унаанын салонундагы айдоочунун документтери күйүп кеткен. Тилекке каршы, шылуундарды табуу мүмкүн болгон эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3464