Мугалимди ыйлаткан аялга 1000 сом айып пул салынды. Окуучунун апасына “Педагог кызматкерине сый көрсөтпөө” беренеси боюнча айып салынганын 7-каналга Ленин РИИБден кабарлады.
Өткөн аптада №57 мектептеги чырдын видеосу соцтармакта өткөн жумада тараган. Мугалим окуядан соң жумуштан кеткени маалым болгон. Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева бул боюнча үн катып, мугалим жалдап алган кул же малай эмес экендигин айткан. Ал ошондой эле мугалимге жумушка кайтып келүүгө жардам берүүнү убадалаган.