7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мукалай Мойноков: Коомду оңдош үчүн, сөзсүз эле жогору жактан чечим күтүп отурбаш керек

667

Жети-Өгүз районунун коомдук кеңештеринин демөөрчүсү Мукалай Мойноков: Биз өз айылыбызда 6-7 кадыр-барктуу адамдан турган топ түзүп алып, эл арасында болуп жаткан мүчүлуштүктөрдү өз күчүбуз менен оңдоп жатабыз. Мисалга, тракторчу шалаакылык кылып, жерди туура эмес айдаса, дүкөнчү айыл тургундарын алдап, же аларга орой мемиле кылса, же кимдир бирөөнүн үй-короосу таза эмес болсо, биз чогулуп барып, алар менен маектешип, уяткарып койсок, ким болбосун күнөөнү мойнуна алып, оңолот экен.

Жалгыз адам кимдир бирөөнү сындаганга караганда, бир нече абройлуу киши чогулуп барып, олуттуу сүйлөгөнү – такыр башка. Биздин дамилгени айыл өкмөтү дагы, район менен облус жетекчилери да колдоп жатат, бирок туруктуу иш алып баруу үчүн кандайдыр бир иш бөлмө жана анча-мынча чыгымдарды жаба турган каражат керек экен. Жогорку жетекчилик кандайдыр бир чечим чыгарып, биздин тажрыйбаны өлкөгө жайылтса, баарыбызга эле пайда болмок…

668