7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муктаж болгон 100гө жакын бейтаптын жүрөгүнө бекер операция жасалат

598

Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Сауд Араб Падышачылыгынын элчиси Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору тарабынан ушул жылдын 10-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгын билдирди.

«Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтаптарга жүрөккө бекер операция жасатары күтүлүүдө. Ошондой эле алар өздөрү менен кошо 500 миң долларды түзгөн каражатка стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келе тургандыктары айтылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чараны өткөрүүдө КР Саламаттык сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык зарыл болгон колдоону көрсөтөөрүн белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599