7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муниципалдык унаа токтотуу жайларына төлөм онлайн кабыл алынат

158

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү улантууда. Эми муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жаңы кызмат Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору жана Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм муниципалдык ишканаларынын кызматташуусунун негизинде ишке ашырылды.

Төлөм жүргүзүү үчүн колдонуучу картадан же тизмеден унаа токтотуучу жайдын аймагын тандап, унаасынын мамлекеттик номерин көрсөтүп, төлөмдү ырасташы керек.

Маалыматка ылайык, муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сомду түзөт. Ал эми дем алыш жана майрам күндөрү төлөм алынбайт.

Мэрия жаңы кызмат шаардыктар үчүн төлөм жүргүзүү процессин жеңилдетип, аны тез жана коопсуз аткарууга шарт түзөрүн белгиледи.

159