7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик бюджетке келтирилген 5,5 млн сомдук зыяндын орду толтурулду

557

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мурда аныкталган зыяндын орду толук толтурулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында, сот системасына сатып алынган санариптик жабдыктардын баасын кымбаттатуу фактылары аныкталды. 2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында республиканын сот системасына жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган.

«Ошону менен бирге, иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, алар сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү баасын ашыкча баалаган фактылар аныкталган. Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сом өлчөмдө зыян келтирилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө»,-деп берилет маалыматта. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558