7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурунку спикер Дастан Жумабеков бир мандаттуу округдан шайлоого катышат

943

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 4-октябрга карата бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка 92 талапкерден арыз түштү. Алардын арасында азыркы парламенттин депутаттары Дастан Жумабеков дагы бар. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Анын арызында өзүн өзү көрсөтүү менен  №20 Манас округунан бара жатканы жазылат.

Буга чейин бир мандаттуу округдан талапкерликке аттангандардын арасында Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Тазабек Икрамов, Автандил Кулбараков, Саматбек Ибраев, Эркин Бөлөкбаев, Акбөкөн Таштанбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Атыр Абдрахматова, Азизбек Турсунбаев, Канат Хасанов, Канат Сагымбаев, Райымберди Дүйшөмбиев, Алмазбек Баатырбеков, Алтынбек Сулайманов, Бактыбек Райымкулов жана башкалар ат салышууга белсенип жатышкандыктары айтылып, БШКга арыз тапшырылган.

Жалпысынан арыз бергендердин арасынан экөө саясий партиянын атынан. «Альянс» аттуу саясий партиядан Ноокат округунан Алтынбек Сулайманов жана Чүй-Кемин округунан Тарыкбаев Алмаз көрсөтүлдү. Калгандары өзүн-өзү көрсөтүштү.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

944