7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамды кабыл алыңыз! Бишкекте Профсоюздар биримдиги митингге чыкты

697

КР Профсоюздар биримдигинин мүчөлөрү бүгүн, ушул учурда Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдына митингке чыгышты.
Алар өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылып Жогорку Кеңеште каралып жаткан жаңы мыйзам долбоорун колдоого алып берүүсүн суранууда. Долбоор учурда 3чү окууда каралып жатат, андан соң Президенттин кароосуна жиберилет.
Эгер долбоор кабыл алынса, КР профсоюздар биримдигинин башында турган 29 жетекчи тарап, 1 жетекчи башкарат дешет.
«30 жылдан бери биздин федерацияда мыйзам иштебей келет. Жетекчилер эч кандай иш кылбай эле, 200-250 миң айлыктарды алып жүрө беришкен. Даагы да жүрө бергиси келет. Ушул учурга чейин эч кимдин укугу корголгон жок. Эгер жаңы мыйзам кабыл алынса, ошол жетекчилер кетип, башкаруу бир адамдын колунда болот. Азыркы жетекчибиз, чыныгы  жумушчулардын укугун коргоп жүрөт. Иштей турган жаштарга бут тоспой, иштешине жол берели» -дейт митингдин катышуучусу Кубанычбек Дөөлатканов.
Эске салсак, айтылып жаткан мыйзам долбоору 2 жума алдын Жогорку Кеңештин комитеттик кароосунда болгон. Долбоор жылдар бою даярдалып, ишке ашпай келген.
Митингке чыккан курорт-санаторий кызматкерлери, 6 айдан бери айлык албай келгенин айтышууда. Көпчүлүгү 5,6 миң сомэмгек акы алып иштешээрин айтышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

698