7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз берилген сейил бактагы жер тилке мамлекетке кайтарылды

520

Бишкектеги «Кара-Жыгач токою» сейил багындагы жарандарга мыйзамсыз берилген 1,2 га жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө КР өкмөтүнүн 1995-жылдагы токтому менен “Кара-Жыгач токою” сейил багы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусуна берилген. Бирок ага карабастан Свердлов администрациясы тарабынан аталган сейил бактын аймагынан 2007-жылдагы “Жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө” токтому менен жалпы аянты 1,2 га жер тилке 30га бөлүнүп, жарандарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздын жыйынтыгы менен жогоруда аталган токтом жокко чыгарылып, ал эми келтирилген прокурордук актысынын негизинде баасы 126 млн 780 миң сомду түзгөн 1,2 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

521