7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыкты студенттерге президенттин стипендиясы тапшырылды

508

Талант Мамытов бүгүн, 25-декабрда, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.


Президенттин милдетин аткаруучу аралыктан окутууга өтүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө айтып келип, калктын кеңири катмарын интернет жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоодогу оорчулуктарга токтолду.


Талант Мамытов катышып отурган стипендиаттардын арасынан келечекте элдин сыймыгы жана өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болгон, Кыргызстанды өнүктүрүп, даңктаган адамдар чыгат деген ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, президенттик стипендияга 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн 29 жогорку окуу жайынан 70 мыкты студент ээ болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

509