7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Наристенин сабалышына байланыштуу акыйкатчы институту сотко байкоо салат

709

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда эки жаштагы Егордун сабалганына байланыштуу өтүп жаткан соттук отурумга акыйкатчы институтунун кызматкерлери байкоо жүргүзүүдө.

Анда баланын сот адилеттигине болгон укугу канчалык деңгээлде сакталып жатканы байкоого алынат. Мындай маалыматты  башкы укук коргоочу уюмдун маалымат  кызматы маалымдады.

Учурда Сокулук райондук соту эки жаштагы наристенин сабалышына байланыштуу ишти карап жатат. Бүгүн, 21-июнда күбөлөр суралган.

Үстүбүздөгү жылдын 3-февралда колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе жеткирилген. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалган. 7-февралда бир жаштагы Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710