7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарматова шайлоо өткөрүүгө мугалим, медиктердин катышуусу керектигин айтты

409

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова шайлоо өткөрүүгө мугалим, медик, муниципалдык кызматкерлерди тартууга чакырды. Ал ошондо гана сабаттуу шайлоонун өтүшүнө шарт түзүлөт деп эсептейт.

«Нуржан Карманбековна сиз эми кагаз менен практиксиз, биз элдин алдында реалдуу жашоого карап ыкташыбыз керек. Муниципалдык кызматкерлерге мугалим, медиктер керек, алар эл менен иштейт. Шайлоодо алардын катышуусуна тыюу салынбашы керек. Тескерисинче аларды шайлоого катыштырып, мыйзамдагы тыюуну алып салалы”, — деди Нарматова.

Белгилей кетсек, админресурс колдонулбасын деп бюджеттен каржыланган кызматкерлерди шайлоо иштерине аралаштырууга тыюу салынат.

410