7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын дарыясына түшүп кеткен Ак-Талаанын тургуну Тогуз-Тородон изделүүдө

281

Нарын дарыясына түшүп кеткен Ак-Талаанын тургуну Тогуз-Тородон изделүүдө. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты.


Анын айтымында, Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагынан агып өткөн Нарын дарыясынын жээгинен балык кармап жатканда муз жарылып, сууга чөгүп кеткен Ак-Талаанын тургунун издеп жатышат.


«Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, капитан М.Шергазиевдин жетекчилиги менен бүгүнкү күнгө чейин Нарын дайрасынын жээгинде издөө иштери жүргүзүлүүдө. Тоолуу райондо суук -28…-30 градуска жетип, суу жээктеринде муз тоңуп калган. Күндүн сууктугуна карабастан кызматкерлер өз аракеттерин көрүп жатышат», — деп билдиришти акимчиликтен.


Белгилей кетсек, Нарын дарыясы менен Ала-Буга суусу кошулган аймакта Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 1993-жылы туулган тургуну М.С. сууга түшүп кеткен. Ал шериги менен муз үстүндө балык кармап жатканда муз жарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

282