7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу. Жаңы мыйзам. Эмне өзгөрдү?

787

Өлкөдө 10-апрелден баштап «Кыргызстандагы жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди.

Жаңы нормалар буга чейин камсыздандыруусу бар жарандарга таасир этпейт. Өзгөртүүлөр расмий жумушу жок, салык төлөбөгөн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн жарандарга тиешелүү.

Кыргыз Республикасында жашап, иштеп, окуп жаткан чет өлкөлүк жарандар, 21 жаштан жогору студенттер жана окуу жайларында сырттан окугандар, патентсиз иштеген, салык төлөбөгөн, социалдык фондго чегерүүлөрдү жүргүзбөгөндөр, иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турбаган жана ишке орношпогон жумушсуздар милдеттүү медициналык камсыздандырууга камтылат.

ММК полисин сатып алуу бир жылга 1722 сом, чет өлкөлүк жарандар 12 календардык ай үчүн 16391 сом төлөйт. ММК фондунун Нарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бул багытта эл көп топтолгон жайларда кыдырып маалымат беришүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788