Жашы жете элек кызды зордуктоо фактысын жаап-жашырып, ал үчүн пара алган Талас районунун ички иштер башкармалыгынын айылдык милиция бөлүмүнүн башчысынын ишин иликтөөнү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, 2023-жылдын март айында Талас РИИБнин айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ю.А., жаш кызды айылдашы тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө маалыматты алып, тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүнү чакырып, андан 70 миң сом өлчөмүндө пара алып, жогорудагы өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган.
Талас областынын прокуратурасы бул жаап-жашырылган өзгөчө оор кылмышты аныктап, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Ю.А.ны камакка алган, ал Кылмыш-жаза кодексинин 342 (пара алуу) жана 367 (кылмышты жаап-жашыруу) беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Учурда тергөө аяктап, иш соттун кароосуна жиберилди.