7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын облусунда жайгашкан мурдагы “Дружба” пионер лагери мамлекетке кайтарылды

349

Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылында жайгашкан аянты 4,5 гектарды түзгөн мурдагы «Дружба» пионер лагери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Оргтехника» ААКнын калган объектилерин мамлекетке кайтарып алуу боюнча кошумча иш-чаралардын жүрүшүндө ишкананын жетекчилигинин улам алмашып турушунун фонунда, мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводуна караштуу 180 орундуу «Дружба» пионер лагери кыймылсыз мүлктү каттоо органдары тарабынан эч кандай документтери жок «Үмүт» кооперативине өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Натыйжада, 2008-жылдын 31-декабрында «Үмүт»  кооперативинин директору Р.К. тарабынан «Достук» пионердик лагери М.Б.С. аттуу жаранга сатып алуу-сатуу келишими боюнча ажыратылган.

Мурдагы менчик  ээлери тарабынан пионер лагеринин турак жай корпустарын демонтаждоого жана алардын материалдарын сатууга жол берүүнүн натыйжасында аталган объекттен жер тилкеси гана калган.

Аталган объект Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын балансына өткөрүлгөн.

Буга чейин мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводуна (азыркы «Оргтехника» ААК) таандык товардык-материалдык баалуулуктар, жалпы аянты 11 га болгон 6 кыймылсыз мүлк объектилери (жер тилкелери жана имараттар), инвентарлык буюмдар (станоктор) мамлекеттик баланска кайтарылган.

«Оргтехника» ААКтын калган объектилерин кайтаруу боюнча кошумча иш-чаралар улантылууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

350