7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгына 10 кызматтык унаа тапшырылды

572

Бүгүн, Нарын облусунун  ички иштер башкармалыгына 10 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Нарын облусунун аймагында өтөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында   ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь  Урмамбетов Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “НИВА”  үлгүсүндөгү жаңы 10 кызматтык унааны   тапшырды. Алыскы райондордо иш алып барып жаткан тартип сакчылары үчүн бул  кубанычтуу жаңылык болду.

Ал эми жаңы  кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана  Нарын ОИИБдин  материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө, Нарын ШИИБдин жана Нарын  ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматтарына өткөрүлүп берилди. Бул  унаалар  иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү.

 

 

573