7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шаарынын мэри: Моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм

931

Кечээ, 28-сентябрь Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков «Фейсбуктагы» баракчасына ээлеген кызмат ордунан кетип жатканын жазды.

«Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Аз болсо да, үч ай ичинде болгон күч аракетимди Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм«, — дейт Болотбеков.

Эске салсак, Болотбеков 18-сентябрда УКМК тарабынан “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган” деп тергелип жаткан иштин алкагында шектүү катары кармалып, тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган.

Болотбеков Нарын шаарына мэр болуп быйыл июнь айында дайындалган болчу. Ал камакка алынгандан кийин Нарындын активдери социалдык түйүндөрдө Болотбеков мэр катары жакшы иштеп жаткандыгын жазышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

932