7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында 117 карышкыр менен 98 чөөнү өлтүргөн мергенчилер сый акы алышты

759

2023-жылы Нарын облусунда 117 карышкыр, 98 чөө атылып, мергенчилерге сый акы берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдиргенин «Спутник» жазып чыкты.

Мындай сый акы зыяндуу жырткычтардын санын азайтуу үчүн төлөнөт. 2016-жылды өкмөттүн токтому менен бир карышкырга 6000, чөөгө 2000 жана бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Аталган сумманын 20 пайызы киреше салыгы менен Социалдык фонд үчүн кармалат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башкы адиси Сагынбек Богачиев 2023-жыл үчүн мергенчилердин баарына сый акы берилип, жалпысынан 901 миң сом төлөнгөнүн билдирди. Жырткычтардын басымдуу бөлүгү Ат-Башы районунан атылган.

760