Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкү фактылар аныкталды:
— К.у.Б. тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасаган деп айыпталып, тергелип жаткан кылмыш ишине катышып жаткан КР жараны П.З.К.дан 180 миң сом алынган;
— бул кылмышты жасоого тиешеси жок жарандын банктык эсебинен 181 миң 409 сом мыйзамсыз түрдө алуу;
— сот органдарынын чечимдерин кыйгап өтүп, жабырлануучулар М.у.У., Т.М.Т.,Т.к.Ж., (ар бири 120 миң сомдон) көрсөтүлгөн акча каражаттарын (жалпы суммасы 361 миң 409 сом) келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары бөлүштүрүүдө мыйзамсыз аракеттерге жол берүү;
— тараптарды элдештирүүнүн жасалма протоколун түзүү жолу менен жазык ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгаруу.
Аталган тергөөчү П.З.К.нын телефон алдамчылардын манипуляцияларына дуушар болгон жагдайларын эске албай, натыйжасында эсебине жогоруда аталган жабырлануучулардын 600 миң сом (ар биринен 200 миң сомдон) акча каражаты келип түшкөн, бул анын айыпталуучу катары тартылышына шарт түзгөн.
Ошол эле учурда К.у.Б. аттуу жаран Т.О.Т.нын банктык эсебиндеги 181 409 сом акча каражатын алып коюуп, аталган сумма анын атынан телефон аркылуу шылуундар аракет кылган жаранга Binans санариптик валюталарын сатуу үчүн түшкөнүн эске алышкан эмес.
Тергөөчүнүн кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында Т.О.Т.го 181 409 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген, ошондой эле жабыр тарткан үч жарандын ар бирине 80 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарынын калган бөлүгүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Кармалган жаран Ат-Башы РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.