УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Наарын шаарында мыйзамсыз иш алып барган майнинг ферманын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.
УКМКнын Нарын шаарындагы өкүлдөрү тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Б.Т.Б.» аттуу жарандын үйүнөн жашыруун иштеп жаткан 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы табылган.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.