Нарында айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып сууга түшүп кеткен жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, Кочкор районунун Өрүктам-Сары-Булак унаа жолунун 12-чакырымында “Volkswagen Passat B3” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып, Кара-Кужур суусуна түшүп кеткен.
Жерине Кочкор райондук №42 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек 1982-жылы туулган Т.З, 1966-жылы туулган Т.М жана 1967-жылы туулган А.А аттуу жарандар жеңил жаракат алып ал эми 1964-жылы туулган эркек Т.Т. каза болгон.
«Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркаган адамдардын абалы канаттандыраарлык»,- деп берилет билдирүүдө.