Кечээ, 6-майда саат 19:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районунда жааган жаандын кесепетинен, сел өтүүчү каналдын суусунун деңгээли көтөрүлүп көпүрөнү алып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кулатов айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылынан өтүүчү Дөдөн-Абшыр-Ата унаа жолунун 47-чакырымында жайгашкан көпөрөнүн бир жээгин жеп, 50-чакырымында жайгашкан көпөрөнү агызып кеткен.
Жерине бекемдөө жана калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүгө №37 ЖТИден 1 манипулятор, жергиликтүү айыл өкмөттөн 1 экскаватор тартылып, көпүрөнүн желип кеткен жерине кум-шагыл төгүп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.