Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлк жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 381,74 га жер аянты мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүдө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде Ноокат районунун Найман айылдык аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан Улуу-Тоо кенине караштуу жерин пайдалуу кен-байлыктары (сымап) менен бирге, менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен “Р.У.Т.” ЖАКтын менчигине өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде пайдалуу кен-байлыктарды камтыган 381,74 га жер тилкеси 1 млрд 246 млн 560 миң сомго бааланып, мамлекеттин балансына алынды.