7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опузалап пара талап кылган Тоң райондук сотунун төрагасы кармалды

172

2024-жылдын 27-сентябрында 3000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылган Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н.дан 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты, калган 500 АКШ доллары ортомчудан алынган.

2024-жылдын 28-сентябрында КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде судья А.Г.Н.га карата айыпталуучу катары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Учурда УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

173