7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатка Кытайдан 15 млн долларлык жабдуулар келди

265

Ноокатта органикалык жер семирткич чыгаруучу завод куруу үчүн Кытайдан 15 млн долларлык жабдуулар алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Сиань шаарында кол койгон келишимдин алкагында Ош облсунун Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводдун курулушу ишке ашырыла баштаган.

Айыл чарба министрлиги тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде кечээ Кытайдан заводду куруу үчүн керектелген 15 млн долларлык жабдыктар алып келинди.

Кулатов айыл аймагындагы органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводдун курулушунун биринчи этабы 2025-жылы аяктап, ишке берилет. Долбоордун жалпы наркы 260 млн долларды түзөт. Ал «органикалык жер семирткичтер технопаркы» долбоорунун бир бөлүгү болуп, курулуш төрт этапты камтыйт.

Заводдун биринчи этабы жыл сайын 100 миң тонна органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат. Жер семирткичтерди өндүрүүдөн тышкары, долбоордун алкагында айыл чарба техникаларын жыйноочу завод курулат. Бардык этаптар аяктагандан кийин ишкана жылына 500 миң тоннага чейин жер семирткичтерди чыгара алат жана 1 миңден 2 миңге чейин жумуш орундарын түзөт.

 

 

 

 

 

 

266