Бишкекте психотроптук заттарды сатуу менен алектенген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында психотроптук заттарды сатуу менен алектенген, 20-25 жаштагы азият улутундагы адамдардан турган кылмыштуу топ тууралуу маалымат аныкталган. Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда баңгизаттарды катып жаткан жеринен башкача айтканды «закладка коюуда» 2006-жылы туулган А. уулу К. жана 1998-жылы туулган Э.Д. кармалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш болгон жерди кароо учурунда психотроптук заттарды өзгөчө ири өлчөмдө каткандыгы аныкталган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар психотроптук зат (хлорметкатинон, клефедрон) болуп саналат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган психотроптук заттар болжол менен 700 миң сомду түзмөк.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган А.у.К. жана Э.Д.У. ижарага алынган батирде психотроптук каражаттарды зип-пакеттерге бир жолку «дозага» салып, андан кийин «Телеграмм» социалдык тиркемеси аркылуу Бишкек шаарынын аймагында сатуу максатында психотроптук заттарды каткан жашыруун жерлерди жасагандыгы аныкталган.
Учурда кармалгандарга карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөө учурунда кармалгандар Бишкек шаарынын тергөө абагына киргизилди.