Алматы менен Нур-Султан калаасында коронавирус илдети күчөгөндүгүнө байланыштуу кызыл зонага өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Аймактардын кандай зонага кирери вирустун төмөндөшүнө жанп көбөйүшүнө жараша болот. Жалпысынан Казакстан коронавирустун жайылуу коркунучу коопсуз болгон жашыл зонага кирет.
Ушуга байланыштуу Алматыдагы башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшин карантиндик режимге өтүү жаңы токтомуна кол койду.
Документте көрсөтүлгөндөй, Алматыда ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Анын ичинде, той, көргөзмөлөр, Куран окутуу, конференция жана көп адам топтолгон иш-чаралар кирет. Ошондой эле Нооруз майрамын өткөрүүгө да тыюу салынды. Ал эми базарлар дем алыш күндөрү иштебейт.