Кырдаалдык борбордун ишке берилиши өткөрүү пункттары аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташууда бажы администрациясынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Бул туурасында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратындагы Кырдаалдык борбордун ачылышында билдирди.
Белгилесек, Кырдаалдык борбор бажы көзөмөлү пункттары аркылуу товарлардын жана жүктөрдүн ташылуусун онлайн-режимде көзөмөлдөөчү тийиштүү жабдуулар жана программалык камсыздоолор менен жабдылган. Мындан тышкары, Кырдаалдык борбордо жарандарды тейлөөчү колл-борбор иштейт.
«Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Өкмөт бекитилген учурдан тарта бажы жана салык кызматтарын санариптештирүү маселеси биринчи планга коюлган. Бул маселелер биздин коомдо көп көтөрүлөт. Жарандар акыйкаттык, ишкерлер үчүн бирдиктүү шарттарды түзүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо маселесине олуттуу карайт. Бажы жана салыктык түшүүлөр – Өкмөттүн бардык социалдык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоочу негизги булактар. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен чек араларында «Бириккен пост» тутумун ишке киргизүүгө даярдык көрүү жаатында чоң иштер жүргүзүлдү. Өткөрүү пункттарын кыдыруу жыйынтыгы боюнча товарларды ташууда, ишкерлер менен аракеттешүүдө, жүктү бажылык декларациялоодо жана коштоодогу тобокелдиктерди аныктоо боюнча толуктап иштеп чыгууну талап кылган маанилүү маселелер аныкталды. Кырдаалдык борборду ачуу тышкы экономикалык ишкерлик катышуучулары үчүн бирдиктүү оюн эрежелерин камсыздоо максатында алга карай кадам болуп эсептелет. Аталган борбор – чек ара аркылуу ташылуучу бардык жүктөрдү автоматташтырылган эсептөө боюнча тутумду ишке ашыруудагы негизги курам болуп саналат», — деди Артем Новиков.