7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Новосибирскте жарылуудан соң АЗСтин директору кармалды

767

Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

«Кырсыкка себепкер катары автогаз куюу жайынын директору менен инженери тергөө учурунда эки айга камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай койгону себеп болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 14-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык болгон. Тышкы иштер министрлиги алардын экөө ооруканада, бири үйүндө дарыланып жатканын, өмүрүнө коркунуч жок экенин айткан.

Новосибирскте жарылган май куючу жайда кыргыздар да болгон

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768