7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл койду

615

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарындагы улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, залкар калемгерди эскеришти.

Эки өлкө ортосундагы бир туугандыктын, достуктун жана биримдиктин символу катары Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн эстелик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасындагы мамлекеттик сапары учурунда ачылган. Ага Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев да катышкан. Эки өлкө башчылары маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгонун билдиришкен.

Алсак, Баку шаарынын борборундагы паркта жайгашкан эстелик азербайджан скульптору Натиг Алиев тарабынан жасалган.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасында расмий сапар менен жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Саидбек Зулпуев, Чолпон Султанбекова, Нуржигит Кадырбеков, Уланбек Бакасов, Таалайбек Сарыбашов, Дастанбек Джумабеков, Кубанычбек Самаков, Мирлан Самыйкожо жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

 

 

 

616