7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ок атышууда жарадар болгон аскерлердин абалы айтылды

510

Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуянын натыйжасында жарадар болгон аскерлер Баткен облустук бириккен ооруканасында дарыланып жатат.

Жарадар болгон аскер кызматкеринин бири С.у Б., 2001-жылы туулган. Анын баш мээси чайкалып, омурткасы жабыркаган. Абалы орточо оор.

Экинчиси Ж.З., 20 жашта. Башынан, сол ийини, моюн аймагынан жаракат алган, абалы өтө оор деп бааланууда, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратта.

Саламаттык сактоо министирлиги жабыркагандарга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Мындан сырткары Бишкектен Баткен облусуна учуп кетүүчү дарыгерлер тобу түзүлүп, практикалык жардам көрсөтүп жаткан айтылды.

«Реаниматологдор, кан тамыр хирургдары, жалпы хирургдар, нейрохирургдар жана бир торакалдык хирург жөнөтүлөт, жалпы он адис барат», деп айтылат маалыматта.

3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы аймагында кызмат өтөп жатканда Тажикстандын чек арачылары шарттуу тилкени мыйзамсыз кесип өткөн.

Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча талапка көңүл бурбай, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.
Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгону айтылган.

Учурда жеринде тараптардын сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

511