7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Октябрь окуяларында жабыркаган жарандар өкмөттүн көзөмөлүндө болот

212

5-6-октябрындагы окуяларда жабыркаган жарандар Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айынын башында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов 2020-жылдын октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушкан. Анын жыйынтыгы боюнча ар бир жабыркаган жарандын ден соолугун көзөмөлдөй турган медициналык мекеме аныкталган. Учурда 22 адам амбулатордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин тийиштүү кеңештерин алууда.


Макулдашуулардын алкагында жакынкы мезгилде Түркия Республикасынын дарыгерлери 8 жарандын көздөрүн протездөөнү жүргүзөт.


Үстүбүздөгү жылдын январь айында жабыркаган дагы бир жарандын көзүнө татаал операция жасалат, аны да Түркия Республикасынын дарыгери өткөрөт.


2020-жылдын декабрь айынын соңунда жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез сатып алууга жардам көрсөтүлгөн. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ал үчүн өз айлык маянасын которуп берген.


Жакында 5-6-октябрдагы окуяларда жаагы сынган 51 жаштагы аялга жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө дарыланууда.


Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын тапшырмасы боюнча октябрь окуяларында жабыркаган жактардын кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, аны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Комиссия жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегендей, октябрь окуяларында жабыркаган бардык жарандарга зарыл болгон медицинналык көмөк көрсөтүү улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

213