7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Бишкектен батир берилет

1448

Октябрь окуясында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй -бүлөсүнө жакында Бишкектен батир берилет.  Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү тапшырманы Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эле берген.

Бирок борбор калаанын мэриясынын кээ бир жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам бул маселе өз убагында чечилген эмес.

Бул маселе өлкө башчысынын жеке көзөмөлүнө алынды. Жакын арада Үмүтбектин үй-бүлөсүнө борбор калаадан батир берилет.

Эскерте кетсек, былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгондор 5-октябрда митинг уюштурган. Милиция митингге чыккандарды күч менен таратууга аракет кылган. Митингге чыккандарды таратуу учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1449