7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окумуштуулар коронавирусту 1 мүнөттө аныктоочу аппарат ойлоп табышты

326

Билькент университетинин нанотехнология улуттук изилдөө борборунун (UNAM) түркиялык окумуштуулары «Диагновир» («Diagnovir») деп аталган аппарат ойлоп табышты. Анын жардамы менен шилекейден коронавирусту 10 секундда аныктаса болот. Бул тууралуу аталган борбордун сайтында айтылат.


Ойлоп табуучулардын айтымында, аппарат берген жыйынтык 99 пайыз так болот. Аталган тестти иштеп чыгууга 7 ай убакыт кеткен. Аспап ооздон алынган шилекейден адам коронавирус жуктуруп же жуктурбаганын аныктайт.


2019-жылы түштүк кореялык илимпоздор ушул сыяктуу тест-система ойлоп табышкан. Ал MERS (респиратордук оору) синдромун козгогон вирустарды аныктоого жардам берет.


Ал эми «Диагновирдин» ойлоп табуучулары белгилегендей, ПЧР-тестке салыштырмалуу алар иштеп чыккан тест үчүн мурундан мазок албай эле койсо болот. Ошондой эле ПЧР-тесттин жыйынтыгы орточо бир күндөн кийин чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

327